№13 шайлоо округунда 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жаңы шайланат

Бүгүн, 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округундагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, натыйжада Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын курамдан чыгарууну сунуштады. 5 календардык күндүн ичинде жаңы төрагаларды шайлоону уюштуруу тапшырылды.

Бул чечим 3-декабрдан тартып жараксыз деп таанылган №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынды. Алар мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө үчүн чара көрүшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан