Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда №5 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльдар Сулаймановдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу жаран Дилмурат Рахмановдун арызын карады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, айткан жагдайларды объективдүү тастыктаган документтерди жана башка далилдерди берген эмес. БШК шайлоо мыйзамдарына ылайык, жаран Дилмурат Рахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты.