Бишкекте колуна бычак кармап, мас абалда жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине көчөдө мас абалда кооптуу аракеттерди кылган айдоочу тууралуу маалымат түшкөн.
"Мас абалдагы жаран колунда бычак менен көчөдө чуркап, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. Кайгуул кызматкерлери ыкчам келип, айдоочуну кармашты. Кармоо маалында ал өз айыбын моюнга алып, чындыгында транспорт каражатын мас абалда башкарганын түшүндүрдү", - деп жазылат маалыматта.
Учурда ага карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.