Биз социалдык тармакта

Кочкордун Сары-Булак айылынан Нарын шаарына чейинки жол боюна күн чырактар орнотулду

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 63 чакырымына 1595 күн чырагы орнотулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалымдалгандай, күн чырактар Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын шаарына чейинки аралыкка орнотулган. Долбоор Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жыл сайын бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен каржыланды.

Облус бийлиги мындай долбоордун ишке ашышы жол кырсыктарынын санын кескин кыскартканын белгиледи.

Кочкордун Сары-Булак айылынан Нарын шаарына чейинки жол боюна күн чырактар орнотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан