Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы курулуш иштерине барды (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы жүрүп жаткан курулушка баргандагы видео социалдык тармактарга тарады.

Анда Камчыбек Ташиевди аталган жайдан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев тосуп алган.

Видеодон Ташиевдин Түлеевге кайрылып, "сиздин маселени эмес, эң негизгиси шаардыктардын маселесин чечиш керек" деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Бишкек шаарындагы Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан "Old Bishkek" комплексинин айланасында ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Учурда аталган курулуш жакынкы күндөрү аягына чыгып, колдонууга берилери айтылууда.




Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы курулуш иштерине барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан