Эртең, 9-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз 0 ... +5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +2 ... +4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... -4, күндүз +4 ... +6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +2 ... +4;
Нарын аймагында түнкүсүн -11 ... -13, күндүз 0 ... +2;
Бишкек шаарында түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +3 ... +5.