Чет элдик чалгын кызматынын агенти тыңчылык үчүн соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 324-беренеси (Тыңчылык) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Тергөөдө шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
УКМК чет элдик агент канча жылга соттолгонун тактаган жок.