Биз социалдык тармакта

Ошто Навои көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки жол унаа кыймылы үчүн кеңейтилип, бардык нормаларга ылайыкталып жасалган. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана ирригациялык лотоктор курулган. Жол оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Жолдун ачылышына калаа мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары катышышты.

Ошто Навои көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан