Учурда жылуулук электр борборунун кампаларында 243 650 тонна көмүр бар. Мындай көлөмдөгү катуу отун жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-2026-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгили үчүн жалпысынан 1 миллион 400 миң тонна көмүр талап кылынат.
Мындан тышкары көмүр жеткирүү белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жана жылытуу мезгилинин аягына чейин уланат.