Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Улукбек Карачолоков дайындалды. Бул боюнча бүгүн, 8-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Арсен Эралиев улуттук курама команданын улук машыктыруучусу, ал эми U-23 командасынын улук машыктыруучусу болуп Руслан Царев дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев кол койду.
Белгилей кетсек, өкмөттүн тиешелүү токтомуна ылайык, улуттук курама командалардын башкы жана улук машыктыруучулары Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору тарабынан сынак аркылуу тандалып дайындалат.