Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясында эмгектенгендердин айлык акысын көтөрүү үчүн бир талап коюп, 2 жарым ай убакыт берди.
Президент УТРКда эмгектенгендердин эң аз маяна алганы 14 миң сом экенин угуп, сунушун айтты.
"Февраль айынын аягына чейин көрөлү, эгерде силердин телеберүүңөр укмуш болуп кете турган болсо, мен анда ЭлТР менен УТРКнын айлык маселесин өзүнчө чечип берем",- деди Жапаров кечээ, 8-декабрда оңдоп-түзөөдөн өткөн УТРКнын имаратына барганда.