Биз социалдык тармакта

Манас шаарына жаңы прокурор дайындалды

Манас шаарынын прокурору болуп Эркингүл Урдалетова дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.

Жаңы прокурорду шаар активине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев тааныштырды.

Жыйында мэр Урдалетовага ийгилик каалап, шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамдуулукту чыңдоо багытында ачык, натыйжалуу иш алып барарына ишеним арта турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарынын прокурору кызматын Рысбек Алчиев аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан