Бишкектеги Эркиндик проспектиндеги чыккан өрттөн жабыркагандар катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган даректеги эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан "Три комнаты" кафесинен чыккан өрт саат 11:24тө толук өчүрүлдү.
"Өрттөн жабыркагандар жок. Жабыркады делген аялдын кан басымы көтөрүлүп, "Тез жардам" менен ооруканага кетти",- деп билдирди ӨКМ.
Аталган турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланганы айтылды.