Биз социалдык тармакта

Казак ырчысы Димаш Кудайберген БУУнун ак ниет элчиси болду 

Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Бириккен Улуттар Уюмунун Миграция боюнча эл аралык уюмунун глобалдык ак ниет элчиси болду. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык баракчасында жарыяланды.

"Бириккен Улуттар Уюму артист Димаш Кудайбергенди эл аралык уюмдун глобалдык ак ниет элчиси болуп дайындалышын кубануу менен кабарлайт. Ал өзүнүн үнү менен дүйнө жүзү боюнча кризистен жабыркаган адамдарга жардам бере алат",- деп айтылат маалыматта.

Дайындоо аземинде Димаш Кудайберген өзү сөз сүйлөп, миграциядагы адамдардын укуктарын мындан ары да колдоону жана коргоону убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан