Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекцияга жана сасык тумоого байланыштуу 12 бала бакча жана 3 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Карантинге алынган бала бакчалар: №72, 45, 3, 181, 42, 25, 59, 126, 94, 34, 87, 7-кичи райондогу 115-филиал.
Мектептер: №115, 94, 116 ошондой эле №37 мектептин бир классы.
Белгилей кетсек, буга чейин Агартуу министрлиги өлкө аймагында 207 мектеп онлайн окутууга өткөнүн, ал эми 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылганын билдирген.