Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишмердүүлүгүн токтотту

Саламаттык сактоо министрлиги 263 медициналык уюмдун иши токтотулганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимдер одоно мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынган. Министрлик өлкө боюнча 541ден ашык жеке медициналык уюмду текшерүүгө алган. Алардын ичинен 246сы же 45,5 пайызы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталган.

Ал эми лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылган. Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлгөн. Жалпы 20 миллион 740 миң сомдон ашык айып пул салынган. Ошондой жабылган клиникалардан тышкары, 246 жеке медициналык уюм боюнча материалдар укук коргоо органдарына текшерүү үчүн жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан