Биз социалдык тармакта

Таш-Рабат кербен сарайы тосулуп, чатыр менен жабылды

Маданият министрлиги Нарындын Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайында реставрациялоо иштери башталганын маалымдады.
Министрлик архитектуралык эстелик табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан быйыл реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, аны “Юг-Стройсервис” ААКсы жеңип алгынан белгилейт.
Андыктан кербен сарайдын айланасы тосулган. Ошондой эле объект реставрациялоо учурунда жаандан коргоо үчүн чатыр менен жабылган.
Министрлик аталган конструкциялар убактылуу экенин, реставрация аяктаган соң алынарын билдирип, иштер толугу менен илимий негизде жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда Таш-Рабаттын айланасы тосулуп жатканы тартылган видео тарап, суроолорду жаратып келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан