Бишкекте карама-каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочу өз ыктыяры менен милициянын кайгуул кызматына кайрылып, айып пулду төлөй турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Жол милициясы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Гагарин жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кеткен видео тараган болчу.
Жол милициясы айдоочуларды жолдо этият болууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.