УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Регион телеканалына курган маегинде жемкорлукка каршы күрөшүүдөн 5 жыл ичинде 300 миллиард сомдон ашык активдер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
"Мал-мүлк, акча каражаты, миңден ашык ар түрдүү ишкана, мекеме, объекттер кайтарылды. 30 миң гектардан ашык жер мамлекеттин менчигине алынды",- деди атайын кызматтын башчысы.
Ташиев өлкө эгемендүүлүккө жеткенден баштап 2020-жылга чейин мамлекетти талап-тоноо болуп келгенин белгиледи.
Ташиев буга чейин айтылган сумманы мамлекетке 5 жылда уюшкан кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөштөн кайтарылганын айткан.