Таласта 15 жаштагы кыз көмүртек кычкыл газына ууланып каза болду. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя 7-декабрда Бакай-Ата районунда болгон.
"Милицияга райондук жалпы дарыгердик практика борборунан телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда ошол күнү Бакай-Ата районунун 15 жаштагы тургуну көмүртек кычкыл газынан уулануу диагнозу менен жансыз денесин алып келгени айтылган", - деп жазылат маалыматта.
Аталган билдирүү Бакай-Ата РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.