Араванда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кармалышты

Араван районунда мурдагы беш мамлекеттик кызматкер коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоодо жемкорлукка барышкан деп шектелишүүдө. Айыпталып жаткандар:
  1. Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы. Ал 58 жашта.
  2. Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн 72 жаштагы мурдагы башчысы.
  3. Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жер адиси. Ал 56 жашта.
  4. Нурабад айыл өкмөтүнүн 57 жаштагы мурдагы жер адиси.
  5. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы адиси. Ал 40 жашта.
Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан