Биз социалдык тармакта

Австралияда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салынды 

Австралия 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Эми Австралияда аталган куракка чейинки балдарга TikTok, YouTube, Instagram жана Facebook сыяктуу жалпы 12 платформага кирүүгө болбойт. Жаңы эрежеге ылайык, баш ийбегендер 33 миллион долларга чейин айып пул төлөшөт.

"Окуучулар каникулдарын пайдалуу өткөрүү керек. Телефонго убакыт коротуунун ордуна спорт менен машыккыла, музыкалык аспаптарды үйрөнгүлө же китеп окугула",- деген Австралиянын премьер-министри жаңы мыйзамдын күчүнө киргенин жарыялаган видео кайрылуусунда.

Ал эми бул талаптарды аткарууга Х социалдык тармагынан башкасы макулдугун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан