"Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин 60 жаштагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат 2022-2024-жылдары Жайыл районундагы Петропавловск каналын капиталдык оңдоо учурунда мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин белгиледи.
Тергөөдө бул ишке тиешеси бар деп кармалган аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.