Белгилүү ырчы Курал Чокоев атасына автоунаа белек кылды. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Баарыбызга буюрсун. Ата-энелерибиз аман болсун",- деп билдирүү калтырган ал.
Чокоев унааны атасынын туулган күнүндө күтүүсүздөн белек кылган. Ал эми ата-энелери өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдирип, көздөрүнө жаш алышкан.