Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине курган маегинде жакында 40 кабаттуу имараттарды курууга уруксат берген корутунду чыгарыларын билдирди.
Ал мындай бийик имараттарды куруудан чочулабаш керектигин белгилеп, буга Ташкент, Алматы, Дүйшөмбү, Үрүмчү шаарларына курулган бийик имараттарды мисал келтирди. Министрдин айтымында, учурда өлкөдө 35 кабатка чейин уруксат бар.
Айта кетсек, сентябрь айында борбордун түштүк бөлүгүндө 40 кабаттуу "Хан-Теңири" аталышындагы мунара курулары маалымдалган.