Балыкчыда 40 жаштагы киши семечка уурдаган деп кармалды

Балыкчы шаарында унаадагы семечкаларды уурдап кеткен деп шектүү кармалды. Бул тууралуу Балыкчы ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милиция бөлүмүнө 3-декабрда 1992-жылы туулган К.Р. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Анын айтымында, үйүнүн алдында токтоп турган Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасынын ичинен көп сандагы "Джин" фирмасынын күн карама семечкаларын уурдап кеткен.

Милиция келтирилген чыгым 9812 сом экенин билдирди. Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, Балыкчы шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалган. Анын мындан башка дагы 6 кылмышка тиешелүү экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан