Бишкектеги мыйзамсыз объектилер аныкталып, буздурулду 

Бишкектеги мыйзамсыз объектилерди аныктоо жана бузуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Садыгалиев көчөсүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок орнотулган мыйзамсыз күркөлөрдү аныктап, демонтаждоо иштерин жасаган.

"Комиссия ишкерлер менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, муниципалдык менчиктеги 125 чарчы метр жер аянтын бошотту", - деп билдирди мэрия.

Мындан тышкары мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери мындан ары дагы улантылары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан