Сезим – Москвада канчалаган жакшы тандоолор болсо да, өз өлкөсүнө кайтууну пландап жаткан мекендеш. Ал Орусияда окуп эле тим болбостон, бий тайпаларын ачып, сабак берүүнүн үстүндө.
"Кыргызстанда 2021-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Орусияга окууга тапшыргам. Бул жакта Орусиянын Бажы академиясында юриспруденция факультетинде 4 жыл бюджетте окудум. Быйыл окууну ийгиликтүү аяктадым", - дейт Сезим.
“Документтериңе так болсоң сага эч ким эч нерсе дей албайт” деген мекендешибиз бул шаардын эрежелери, кыйынчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрүн айтып кызыктуу маек курду.
Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.