Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз болууда

Бишкекте 2011-жылы туулган Айсезим Мирбекова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу калаанын Ленин райондук милициясы кабарлады.

Апасынын айтымында, ал 9-декабрда саат 12:30 чамасында мектепке баруу үчүн Новопавловка айылындагы Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, №254 автобуска отурган. Саат 13:00 чамасында Ала-Тоо-2 конушундагы аялдамадан түшүп калган. Андан соң байланышка чыккан эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жуумал.

Кийген кийимдери: Кара күрмө, кара шым, ак түстөгү ботинка.

Жогорудагы өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап койсо болот: 0( 312) 352 632, 0( 312) 352 947, 0 (555 ) 196 552.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан