Актёр жана режиссёр Азамат Исмаилов командасы менен шаардагы дүкөндөрдүн бирине барып, карызы көбөйүп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу видео актёрдун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылды.
Анда айтылгандай, бул үй-бүлө бир топ убакыттан бери шартка байланыштуу азык-түлүк үчүн алган карызын төлөй албай келген. Актёр мырза үй-бүлөнүн дүкөндөгү бардык карызын төлөп берип, колдоо көрсөткөн.
Интернет колдонуучулары видеонун алдына ыраазычылык билдирип, жылуу пикирлерин калтырышууда.