Нарында таштандыларды иргөөчү ишкана ачылды

Нарын шаардык мэриясы бүгүн, 10-декабрда калаада биринчи жолу таштандыларды сорттоочу ишкана ачылганын билдирди.
Ага ылайык, “Карга жайлоо” таштанды полигонунун жанына салынган ишканада турмуш тиричилик калдыктарынын 7 түрү иргелип, кайра иштетилет. Бул жерде жалпы 20 жумушчу орун түзүлөт.
“Эко ресурс технология” жоопкерчилиги чектелген коому жана НУРП тарабынан 9 миллион сомго бааланган ишканада 1 саатта 4 тоннага чейин таштанды иргелет.
Бүгүн облус башчысы Нурбек Сатаров, шаар мэри Жайнак Немат уулу жана каржылык колдоо көрсөткөн “Ага Хан” өнүктүрүү уюмунун жетекчилиги ишкананын мындан аркы ишин жакшыртуу, мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелерин жеринде талкуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан