Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көл облусунун Түп районуна аба ырайынын катаалдашынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдирди.
Билдирүүгө ылайык, учурда тиешелүү кызматтар жана жарандык коргонуу күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
Ал жакта жолдорду тазалоо, инженердик-энергетикалык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү, калкка маалымдоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле зарыл учурда калкка тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Кырдаал райондук администрациянын жана жарандык коргонуу кызматтарынын такай көзөмөлүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан