Түп районунда кар күрткүдөн улам жабылган Тогуз-Булак - Токтоян унаа бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Ага ылайык, жолду тазалоого бир жүктөгүч техникасы, 1 грейдер, Газ 66 унаасы, 1 Хово тартылган. Ал эми кар күрткүдөн жалпы 14 унаа чыгарылып, 31 жүргүнчүгө үйлөрүнө жетүүгө жардам берилди.
Ошондой эле кар күрткүдөн улам жабылган Түп — Каркыра унаа жолу бир тараптуу ачылып, учурда жолду кеңейтүү иши жүрүүдө.