Бишкекте жогорку окуу жайдын окутуучусу үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 102 кызматына 11-кичирайондон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барганда, 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран өзүнүн жубайына кол көтөргөнү аныкталды.
Бул факт боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен административдик акт түзүлдү. Келиндин жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Маалыматка караганда, кармалган жаран борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштейт.
Тергөө уланууда.