Алайкууга бир метрге жеткен кар жаады (видео)

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнө бир метрге жеткен кар жаады. Социалдык тармактарга тараган видео Ой-Тал айылында тартылган.

Андагы жашоочулардын айтымында, калың кардан улам унаа кыймылы үчүн жолдор жабылган. Аталган өрөөн кышкысын кар калың түшкөндүктөн шарты катаал аймактардын катарына кирет.

Акыркы күндөрү өлкө аймагындагы көпчүлүк аймактарда кар жаап жатат.

Алайкууга бир метрге жеткен кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан