Ашууларда абал туруктуу, бирок айрым каттамдар кар көчкүгө байланыштуу жабылды

Бүгүн, 11-декабрда республиканын негизги ашууларында күн ачык болуп, кыймыл туруктуу. Бул тууралуу Транспорт жан коммуникациялар министрлиги билдирди.

Билдирүүгө караганда, Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусундагы, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы унаа жолунун Долон ашуусунда, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит ашууларында жана Боом капчыгайында абал туруктуу, жол каттамы ачык.

Ошол эле учурда Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымында катуу жааган кардан улам кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. №3 Жол тейлөө ишканасы кар тазалооо иштерин жүргүзүүдө.

Каракол - Эңилчек унаа жолунда да кар көчкү түшүп, каттам жабылды. Азыркы учурда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон жүрүүдө.

Мындан тышкары, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 441-537-чакырымында убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө Түз-Бел ашуусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу.

Министрлик билдиргендей, жол тейлөө кызматтары жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү тынымсыз аткарышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан