Биз социалдык тармакта

АКШга кирген туристтердин социалдык тармактагы баракчаларын текшерүү пландалууда

АКШ өлкөгө кирген туристтердин социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

АКШнын Чек ара кызматы сунуштаган өзгөртүүлөр 90 күнгө чейин өлкөгө визасыз кире алган 42 өлкөнүн жарандарына таасирин тийгизет. Бул өлкөлөргө Улуу Британия, Франция, Германия, Түштүк Корея жана башкалар кирет.

Мындан тышкары, он жыл ичиндеги электрондук почта даректерин, ата-энелеринин жана жубайларынын аты-жөнүн, туулган күнүн, жашаган жерин жана туулган жерин талап кылуу да пландалып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан