Таласта ВАЗ 21144 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна автоээнбаштыкка барганы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, кечээ, 10-декабрда санарип кырдаал борборуна туташтырылган видеокөзөмөл аркылуу Бакай-Ата айылында эреже бузган айдоочу табылып, унаасы айып коргоого киргизилген.
Башкармалык жарыялаган видеодон бир нече жигиттин унаанын артына жабышып сүйрөлүшкөнүн, ошондой эле капталына чыгып алышканын көрүүгө болот.