Америкалык Оззи аттуу ит тирүү иттердин ичинен эң узун тил деген наамга ээ болуп, расмий түрдө Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын дээрлик дайыма оозунан чыгып турган тилинин узундугу 19,9 сантиметр. Рекордду жаңырткан иттин ээси Анжела Пик Оззинин тили төрөлгөндөн бери адаттан тыш узун болгонун айткан. Ал иттин ден соолугу жакшы экенин кошумчалаган.