ӨКМ Түп жана Ак-Суу райондорундагы абал боюнча маалымат берди

Түп жана Ак-Суу райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген эмес. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы - Ананьево - Каракол, Түп - Кеген, Михайловка - Николаевка - Токтоян унаа жолдору ачык. Кардан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, жалпы 8 техника иш алып барууда.

Кошумча ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине Түп айыл аймагынан 4 техника, Ысык-Көл айыл аймагынан 5, Балбай айыл аймагынан 4, Карасаев айыл аймагынан 3, Каркыра айыл аймагынан 4, жалпысынан 28 техника тартылган.

Ак-Суу районунда абал туруктуу жана унаа жолдору ачык.

"Ак-Суу - Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында 10-декабрда үч жеринен кар көчкү түшүп, унаа каттамы убактылуу жабылган. Кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан унаа жолунун 38-112-чакырымы 12-декабрга чейин жабылган. Учурда жерине техникалар тартылган",- деп билдирди ӨКМ.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан