Ысык-Көлдүн айрым аймактарын чаңдуу бороон каптады.
Интернет желесинде суук күндөр менен катар бозоргон катуу шамал болуп жаткандыгы тартылган видео жарыяланды. Мындай жагдай Балыкчы аймагында жана Тору-Айгыр айылында катталды.
Буга чейин облустук өкүлчүлүк Түп районунда аба ырайынын начарлашына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирген, ӨКМ бул маалыматты төгүндөдү.