Талас облусунда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Манас районунда 7,28 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Атайын кызмат тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп, жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды.

УКМК Жер кодексин бузууларга жол бербөө жана мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу аракеттерине бөгөт коюу жөнүндө эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан