Биз социалдык тармакта

АКШдан мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигранттар чыгып кетишти

АКШдан январдан тартып 605 миң мыйзамсыз жүргөн мигрант күч менен депортацияланды, дагы 1,9 миллион адам өлкөнү ыктыярдуу түрдө таштап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта эң негизги көңүл оор кылмыш жасаган кооптуу адамдарды өлкөдөн чыгарууга бурулуп жатканы белгиленет.

"Мыйзамсыз мигранттар азыр кетүү боюнча биздин чакырыгыбызды угуп жатышат. Алар эгер кетпесе, биз аларды таап, камап, өлкөгө кайра кирбей тургандай кылабыз",- деп белгиленген Ички коопсуздук министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле министрлик мигранттарды атайын мобилдик колдонмону колдонуп, ыктыярдуу кайтууга чакырат. Колдонмо мекенине акысыз авиакаттамды жана 1 миң доллар өлчөмүндө жардам алууну кепилдейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан