БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи радиого" курган маегинде 14-декабрга чейин депутат болуп шайланды деп таанылган 87 талапкерди каттоо болорун билдирди.
"Биз депутаттарга берилүүчү күбөлүк, төш белгилерди даярдап койгонбуз. Жыйынтыктар бекитилгенден кийин 1-2 күндүн ичинде мандаттарды беребиз. Андан ары Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт",- деди ал.
Жупуеванын сөзүнө таянсак, Жогорку Кеңештин депутаттарына мандат болжолдуу 15-16-декабрь күндөрү тапшырылат.