Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун өсүшүнө байланыштуу ооруканаларда кошумча 200 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына штаттан тышкаркы сапар менен барган.
"Министрдин тапшырмаларынын негизинде тез чаралар көрүлүп, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кошумча 200 керебет даярдалды", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле аталган оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кошумча 10 педиатр тартылып, сасык тумоо менен кайрылган балдарга күнү-түнү жардам көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.