Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 3 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүндү. Бул тууралуу шаардык Маданият башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, аянтты жасалгалоо жумуштарын Бишкектин “Северное сияние” компаниясы жүргүзүүдө.
“Балатыны 15-декабрга чейин жандыруу пландалган. Учурда иштердин 90 пайызы бүттү. Жалпы жасалгалоого 3 миллион сомго жакын акча жумшалды. Аянтта эми муз тебүүчү аянтча, кичинекей үйлөр, кошумча балатылар жана чоң LED-экран орнотулууда”, — деп билдиришти башкармалыктан.
Шаар тургундары жана коноктор жаңы жылдык майрамдык атмосфераны ушул айдын ортосунан баштап көрө алышат.