Бүгүн, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага эки күндүк жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.