
Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн
чыккан өрт саат 22:00дө толук өчүрүлүп, 25 адам эвакуацияланды.
Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 40 чарчы метрди түзөт.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.