Япониянын түндүк-чыгышындагы Аомори префектурасына жакын жерде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 12-декабрда таңга маал болгон.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Ал эми цунами куркунучу тууралуу эскертүүлөр берилүүдө.
Белгилей кетсек, жакында Япониянын түндүгүндө күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган.