Биз социалдык тармакта

1,5 миллион алып... Наркология борборунун бир нече эксперти жемкорлукка айыпталууда

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкерлери кылмышкерлерге "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып берип, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.

Наркология борборунун алты эксперт-дарыгери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча айыпталган М.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүп, ага "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен. Бул иштер үчүн анын туугандарынан 1,5 миллион сом алышкан.

10-декабрда аталган кылмыш ишинин алкагында 1950-жылы туулган А.Ж., 1966-жылы туулган Ш.Н., 1969-жылы туулган Ч.Ю., 1971-жылы туулган К.Ж., 1972-жылы туулган С.Л., 1997-жылы туулган З.М. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан